Элдик сайманын нукура түрү. Анын аспабы — жыгач керме жана илме шибеге. Мында уздун колунда илме шибеге кергичтин алдынан сол колун алып, жибек жип шибегеге илинет да, кездемеден тырс-тырс өтөт. Сайманын жаңы аспабы бар. Бул илме сайма машинасы (тамборный шов) деп аталат. Ал тигүү машинасына окшошуп, тигиш кездеменин сыртына калкып, түшкөн сайманын өзү кадимки шибеге саймадай болот. Андан сырткары «килем сайма» бар. Мындай караганда муну жүзөгө ашыруу ыкмасы украиндыктардын элдик саймасына үндөшүп кетет. Анткени менен уздар элдик көчөттөрдү кандим көрсөтүүсү аркылуу ачык айырмаланат. Айрым аймакта уздар туш кийизди так ушундай ыкмада кармап жатышат. Сайма шибегесин усталар жасап беришет. Ал тигүү машинасынын шибегесине окшош болот. Демек, буюмдун жердигин кермеге керет. Ошол кездеменин ич тарабын керип алып, анан шибегенин көзүнөн жипти өткөрүп, кадимкидей тырсылдатып саят. Сайма бети түктүү көрүнөт да, жүн килемди элестетет. Муну менен элдик көркөм көчөттөрдү түшүрүү ошончолук кооз да көрүнөт.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)