Имажинизм (фр. жана англ, imageобраз, элестетуу) - 1919-24-ж. орус адабиятында да В. Шаршеневич, А. Мариенгоф, С. Есенин баш болгон имажинисттер тобу тузулуп, бирок көп узабай ал топ таран кеткен. Имажинисттер көркөм чыгармачылыктын негизги милдети коомдук күрөштөн, идеялык талаш-тартыштан оолак туруу деп эсептешкен, поэзияда мурда таптакыр колдонулбаган, бурмаланган метофоралуу образдар системасын ойлоп табууну өөрчүтүшкөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.