Имам (араб. إمام‎,) - алдыда турган адам. Бул сөз ошондой эле, жамаат менен окулуучу намазды баштоочу адамды, атактуу мусулман илимдүүсүн жана мусулман мамлекетинин башчысы болгон халифаны түшүндүрөт.

Имам.

Имам (араб, башчы) — мечиттин башкаруучусу. Мусулмандарды намаз окуган учурда башкарган адам. «Имам» сөзү «тууроо үчүн үлгү» дегенди тушундурөт. Жаллы милдеттүү намаз окуу учурунда, аны жетектөө үчүн имам шайланат. Намазда 8 жашка чыккан ар бир мусулман имам боло алат. Бул милдетти аткаруу үчүн талапкер төмөндөгүдөй талаптарга ылайык келиши керек: мусулман, акыл эстүү, баралына толгон, эркек жынысынын өкулу, билимдүү жана адилеттүү болуш керек. Саясий мааниде имам амир сыяктуу эле кадыр-баркка ээ. Бардык мусулмандардын лидери болун саналат. Исламда Имамат эки түргө бөлүнөт: «имаматуль кубра» (улуу имамат, б. а. ислам мамлекетинин башкаруучусу) жана «имаматуль сугра» (намаздын жетекчиси). Имаматуль кубра бийликке жана чоң ыйгарым укуктарга ээ. Аларга адамдардын жана мамлекеттин тагдырларын чөчүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле имам — бул Мухаммед пай- гамбардын «халифи» (орун басары) жана диндин да тиричиликтин да социалдык турмушунун маселелеринде мамле-кеттин башкаруучусу болуп саналат. Мамлекеттердин тарыхына талдоо жүргүзүп жатып тарыхчы жана социолог аль-Маварди 1 имамга төмөндөгүдөй аныктама берген: «Имам — Пайгамбардын халифи сыңары милдетине убактылуу динди сактоо жана тиричилик нштерди башкаруу кирген кызмат». (аль-Маверди, аль Ахкамус султания.