Имамат - (ар. — башкаруу) — 1) мусулман теократиялык мамлекетинин жалпы аталышы; диний жана жарандык башкарууну бирдикте алып баруучу ислам мамлекетинин институту, башкача айтканда халифат деп айтса да болот. Халиф имам шарият мыйзамдарынын негизинде укук тартибин жана мамлекеттин бардык жарандарынын коопсуздугун кароого милдеттүү. Сунниттерден айырмаланып шииттер мамлекеттин башына Мухаммед пайгамбардын гана тукумдары (Али ибн Абу Талиб) турууга тийиш деп эсептешет, бирок алар да бул маселе боюнча бир пикирге келе алышкан эмес, ошондуктан канча кылымдардан бери ар кандай секталарга бөлүнүп келүүдө. Имамат жөнүндө ар биринин өзүнүн концепциясы болгон; 2) 19-кылымдын 20-жылдарынын аягында Түндүк Кавказ элдеринин орус падышачылыгынын оторчул саясатына каршы жүргүзгөн күрөштөрүнүн учурунда Дагстан менен Чеченстанда пайда болгон мюриддердин мамлекети. Имамдары: ГазиМагомет (1828-32), Газмат-бек (1832-34), Шамиль (1834-59).

Колдонулган адабияттар түзөтүү