Иманакунов Бейшен - (16. 3. 1930-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Сары-Камыш айылы - 26.10.2019) - химик, химия илимдеринин доктору (1972), профессор (1974), КР УИАнын академиги (1997), корреспондент мүчөсү (1977). КМУну (1953), Кыргыз ССР ИАнын Химия институтунун аспирантурасын (1956) бүтүргөн. Ошол эле институтта кенже, улук илимий кызматкер (1956-68), окумуштуу катчы (1968-71), лаборатория башчысы (1971-75), директор (1975-97). КР УИАнын Президиумунун башкы окумуштуу катчысы (19972003) болуп иштеген. 2003жылдан КР УИАнын президентинин кеңешчиси. Ал 200дөн ашык жаңы бирикмелерди алып, алардын физика-химия мүнөздөмөлөрүн изилдеген. Кенден алтынды бөлүп алуу боюнча жаңы илимий багытты негиздөөчү. 300дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 7 монографиясы, 14 ойлоп табуулары бар. КРдин илимине эмгек сиңирген ишмери (1991), Ж. Баласагун атындагы сыйлыгынын (1998) жана И. К. Ахунбаев атындагы сыйлыгынын (2007) лауреаты. Адам коопсуздугу жана жаратылыш экологиясы ЭАнын академиги (1999). «Даңк» жана эл аралык «Алтын фортуна» медалдары менен сыйланган. Эмгектери: Bзаимодейсгвие ацетамида с неорганическими солями. Ф., 1976; Особенносги флотации сульфидов сурьмы и мышьяка (в соавторстве). Ф., 1984; Взаимодействие гексаметилентетрамина и диметилсульфоксида с неограническими солями (в соавторстве). Б., 1994; Философия, химия, синергетика: к исследованию проблемы сложности. Б., 2002.

Колдонулган адабияттар түзөтүү