Эльмира Иманалиева

Иманалиева Эльмира Сансызбаевна‎»‎ барагынан багытталды)

Өмүр баяны түзөтүү

Иманалиева Эльмира Сансызбаевна Бишкек шаарында, 1965 жылы 22 октябрынды туулган.
Билими Жогорку.
1983-1988ж.ж. Ломоносов атындагы МГУнун философия факультетин бүтүргөн.
Адистиги: саясат таануу мугалими.
Үй-бүлөлүк абалы: Жалгыз бой, эки баланын энеси.

Кесипкөй иши түзөтүү

2010-2011ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
КР Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы.
2008-2010ж.ж. Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри.
2005-2008ж.ж. Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги КРнын билим берүү министринин орун басары.
2005ж. Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин раймамадминисрациясынын башчысынын орун басары.
2003-2005ж.ж. Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райадминистрациясынын башчысынын орун басары.
2001-2003ж.ж. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук билим берүү борборунун директору болуп иштеген.
1999-2001ж.ж. КРӨнүн алдындагы монополияга каршы саясат боюнча мамкомиссиянын бөлүм башчысы.
1997-1999ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши Эл өкүлдөр жыйынынын Социалдык маселелер боюнча комитетинин эксперти.
1993-1999ж.ж. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
1990-1993ж.ж. КМУУнун аспиранты.
1988-1990ж.ж. КМУУнун окутуучусу.
Башка квалификациялык маалыматтары: Билген тилдери: Англисче – сүйлөө деңгээлинде.
КРнын Билим берүү министрлигинин, КР ӨКМнын, КР Өкмөтүнөн алдындагы монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик агенттиктин ардак грамоталары, “Манас”1000” медалы, “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” ордени.

Академиялык ишмердүүлүгү түзөтүү

“Борбордук Азия өлкөлөрүнө саясий, маданий билим берүү жана тарбиялоо” (2006-ж., Өзбекстан Ташкент) конференциясына баяндамачы.
Билим берүү бөлүгүндө миң жылдыктардын максаттары боюнча Борбордук Азия жана Казакстан өлкөлөрүнүн жыйналышына баяндамачы.
Саясий-маданий, билим берүү маселелери боюнча семинар (ЕӨКУ, Голландия, Гаага, 2007-ж., июль).
Гендердик маселелер боюнча эл аралык конференция (КЭР, Пекин, 2007-ж., ноябрь).
“Жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын арасында ВИЧ/СПИД алдын алуу проблемасы” темасы боюнча эл аралык конференцияга баяндамачы (РФ, Москва ш. 2006-ж., июнь).
Жибек Жолу шаарларынын мэрлеринин эл аралык конференциясына баяндамачы (Түштүк Корея, Пьянтек ш., 2009-ж., май).
АӨБ финансылаган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Азия Өнүктүрүү Банкы уюштурган эл аралык семинар (Филиппин, Манила ш., 2007-ж., сентябрь).

Булак түзөтүү