Иманалиев Каныбек Каниевич

Иманалиев Каныбек Каниевич (1951-ж.т., Жаңы-Базар айылы) - финансы тармагынын көрүнүктүү ишмери.

  • Фрунзе финансы-экономикалык техникумун (1967), Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин (1980) бүткөн.
  • 75-жылдары Ош облусунун Фрунзе (азыр Баткен облусунун курамындагы Кадамжай) районундагы мамлекетгик банкта инспектор,
  • 1975-80-жылдары Жаңы-Базар участкалык банкында башкаруучу,
  • 1982-85-жылдары райкомдун жалпы бөлүмүндө башчы,
  • 1985-97-жылдары комсомолдук, партиялык жана советтик кызматтарда кызматчы,
  • 1997-2009-жылдары райондук миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу борборунунда башчы болуп эмгектенген.
  • СССР банкынын 60 жылдык юбилейлик медалы, СССР көзөмөлдөө комитетинин төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министирлигинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

Мамлекеттик кызматтын III класстагы инспектору.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6