Иманалиев Үсөнкан (1922-ж. т., Ташкечүү айылы) - коомдук-саясий ишмер. Атамекендик согуштун катышуучусу.

  • 1941-46-ж. 8-Панфилов дивизиясынын чалгынчысы болуп кызмат өтөгөн.
  • 1946-жылдан Үчтерек районунун комсомол комитетинин 1-секретары,
  • 1947-48-ж. партиянын Үчтерек райкомунун секретары,
  • 194850-ж. райондук маданият бөлүмүнүн башчысы,
  • 1950-51-ж. райкомдун пропаганда бөлүмүнүн башчысы,
  • 1953-1982-ж. партиялык, советтик бийлик органдарында,
  • 1982-86-ж. Өзгөрүш айылдык Кеңешинин төрагасы болуп иштеген.
  • 1992-жылдан Үчтерек райондук аксакалдар Кеңешинин төрагасы. Кыргыз Республикасынын Президентинин указы менен “Эл аксакалы” наамы ыйгарылган. “Ардак Белгиси” ордени, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак Грамоталары, медалдар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5