Имдин согушу - корей элинин, япон баскынчыларына каршы согушу (1592-98) («имдин» - кытай-корей календарында 1592-жылдын аталышы, ар 60 жылда кайталанат).

  • 1592-ж. май айында япондор Түштүк Кореянын Пусан портун, андан соң Сеулду ээлеп, түндүк тарапка илгерилейт, бирок элдик согуштан мизи майтарылган.
  • Душманга сокку урууда Ли Сун Син башкарган корей флотунун жеңиши зор мааниге ээ болгон.
  • 1592-ж. кузундо партизандар түндүктөн душман басып алган бардык провинцияларда чабуулга өткөн.
  • 1593-ж. февралда Пхеньян, май айында Сеул душмандан бошотулган.
  • 1597-ж. кайра чабуул койгон япон аскерлери толук жеңилип, 1598-ж. баскынчылар Кореядан куулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.