Иммигрант - (лат. immigrans көчүп келүү) башка бир өлкөгө туруктуу же узак мөөнөткө келип жашап калган чет элдик жаран. Иммигрант саясий, экономикалык, диний, ошондой эле ар кандай себептер менен куугунтукталып, четтен туруктуу жашоого башбаанек издегендер ж. б. өз өлкөсүнөн кетүүгө мажбур болот. Иммигранттар көптөгөн мамлекеттердин калыптанышына зор роль ойногон. Элдердин улуу көчүү доору (4-7-к.), Араб халифатынын түзүлүшү (7-8-к.), Чыңгыз хандын империясынын күч алышы (11-17-к.), Улуу географиялык ачылыштар (15-17-кылымдын ортосу) ж. б. окуялар дүйнө картасын түп-тамырынан өзгөрттү. 2-дүйнөлүк согуштан кийин Азиядан жана Түштүк Африкадан көптөгөн иммигрант Батыш Европа, Америка өлкөлөрүнө көчүп келишти. Учурда Тажикстан, Пакистан ж. б. өлкөлөрдө болгон согушка байланыштуу качып келген иммигранттар Кыргызстанда да жашоо кечирүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү