Иммобилизация - (лат. immobilis кыймылсыз) кырсыкка учурап, кол, бут сынып же чыгып кеткенде, тарамыш же булчуң чоюлганда, жаракат алып кан агууда, муун сезгенген ооруларда денени тынчтандыруу максатында кыймылсыз тынч абал түзүү. Бул травмадан болуучу шокту азайтат жана жараланган жердеги инфекциянын андан ары таркалуусуна жол бербейт. Иммобилизация кырсыктаган жердин оорусун азайтып, дарылоо мекемесине жеткирүүгө чейинки, убактылуу жана туруктуу дарылоочу болуп бөлүнөт. Кырсык болгон жердеги жабыркаган адамдын колу, буту сынганда же чыкканда сөөк жылмышып кетип, дагы кошумча жабыркоо болбосун үчүн убактылуу транспорттук шакшак коюлат. Баш сөөгү жана моюн омурткалары жабыркаганда, сынганда же катуу кокустаганда тегерек резина, кебез-марли же картон жакалар кийгизилет. Астыңкы жаак жабыркаганда, ээкти өйдө көтөрүп, картон же фанера коюп таңылат. Жамбаш сөөктөрү сынганда тактайлуу замбилге жаткырып, эки бутун тизесинен бүгүп, жаткыруу керек. Туруктуу иммобилизация дарылоо мекемелеринде врач-травматолог-ортопеддер сыныктын, жабыркоонун ар кандай түрүнө жараша гипстеп таңуу, зым менен сөөктү тешип чойдуруу же ар кандай операциялар Г. А. Илизаровдун ыкмасы жана аппараты менен жүргүзүлөт. Ал кол, бут сынганда, жиликтин башы муундан чыгып кеткенде, жоон кан тамыр же нерв системасы жабыркаганда, тери жана булчуң эттер оор жаракат алганда, муундар, кан тамырлар катуу сезгенгенде ж. б. колдонулат. Омуртка сөөктөрү жабыркаганда оорулууну замбилге көмкөрөсүнөн жаткырып, төшүнө жаздык коюу зарыл же тактай замбилге чалкасынан жаздыгы жок түз жаткыруу, бел омурткасын ийилтпегенге аракет кылуу керек, антпесе ийилген омуртка жүлүндү кысып, дененин төмөн жагы, буту иштебей шал болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү