Империал
Империал - (лат. imperialis императордук) орустун алтын тыйыны; 1755-ж. адегенде 10 рубль наркында чыгарылган. 12 гдай таза алтыны болгон. Империалдын аркы бетинде жана жарым империалда (5 рублдик тыйын) «Империялык россия тыйыны» деген жазуу болгон. 1897-ж. алтын рубль киргизилгенине байланыштуу империалдын номиналдык наркы девальвация натыйжасында 15 сомго чейин жеткен. 1897-жылдан кийин башка аталыштагы 8,6 жана 4,3 гдык 10 жана 5 рублдик тыйындар жапырт чыгарыла баштаган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5