Инверсия (лингвистика)
Инверсия (лингвистика) (лат. inversio – которуштуруу, орун алмаштыруу)
- 1) кеңири маанисинде: сүйлөм мүчөлөрүнүн көнүмүш орун тартибинин бузулушу, өзгөрүшү;
- 2) тар маанисинде: сүйлөм мүчөлөрүнүн орун тартибинин синтаксистик байланыштардын өзгөрүүсүнө жана сүйлөмдү актуалдуу жиктеш-тирүүгө байланышпаган өзгөрүүсү.
Инверсия кеңири маанисинде да жана тар маанисинде да сөздү (сөздөрдү) маанилик жана эмоционалдык жактан бөлүп көрсөтүүнү шарттайт, б.а., Инверсия -сөздөрдүн стилистикалык жактан нейтралдуу (бейтарап) орун тартибинин бузулушу.
Мында рема темадан мурда келип калат: Кандай сонун жаз жамгыры. Инверсия поэтикалык кепте, өзгөчө, ырларда муун өлчөмүн, уйкаштыкты, камсыз кылуу үчүн кеңири колдонулат:
Ай чыкты тептегерек алтын табак, Шыбырайт камыш башы айга карап (Р.Шүкүрбеков). Айрым учурларда Инверсия стилистикалык максатты да аркалайт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4