Инвеститура – конституциялык укукта адамга же адамдар тобуна конституцияда каралган бийлик ыйгарым укуктарын берүү. «И.» түшүнүгү негизинен шайланма мамлекет башчысы – президент, ошондой эле өкмөт институтуна карата колдонулат. М.: президентке байланыштуу парламенттик жана элдик И. болуп бөлүнөт. Биринчисинде президент И-ны аны шайлаган парламенттен, экинчисинде – аны жалпы элдик шайлоодо шайлаган элден алат. Ушуга жараша өкмөт дагы И-ны парламенттен (парламентардык республикада) же президенттен (президенттик республикада) алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү