Инвестициялар - (англиялык inuestments) – мамлекеттик же жеке менчик капиталды өлкөнүн ичиндеги жана тышкаркы эл чарбасынын ар түрдүү тармактарына пайда табуу максатында узак мөөнөткө салуу. Инвестициялар финансылык, реалдуу, интеллектуалдуу болуп бөлүнөт. Финансылык Инвестициялар корпорациялар же мамлекет чыгарган акцияларга, облигацияларга жана башкалар баалуу кагаздарга, ошондой эле тезаврация объекттерине, банк депозиттерине капитал салуу. Реалдуу инвестициялар жеке менчик фирма же мамлекет тарабынан тигил же бул продукция өндүрүшүнө капитал салуу; реалдуу капиталдын (имарат, курулма, жабдуу, товар-материалдык запастар жана башкалар) түзүлүшүн болжолдойт. Интеллектуалдуу инвестициялар биргелешкен илимий иштеп чыгуулар, тажрыйба алмашуу, лицензия, ноу-хау берүү, адистерди курстарда даярдоо, кадрларды кайра даярдоо жана башкалар Менчик жана мамлекеттик инвестициялар өз ара каржылоо багыттары, максаттары, булактары боюнча айырмаланат. Менчик инвестициялар экономиканын пайда табуу үчүн жакшы шарттары бар тармактарына багытталат. Мамлекеттик инвестициялар негизинен аскердик максаттарга, ошондой эле экономиканы өнүктүрүүнү жөнгө салууга жумшалат. Рынок экономикасынын шарттарында менчигинин жана чарба жүргүзүүсүнүн түрүнө карабастан, бардык инвесторлордун укуктары бирдей жана капитал салуунун, анын көлөмүнүн, түзүлүшүнүн, натыйжалуулугунун багыттарын аныктоодо толук өз алдынчалыкка ээ. Инвестицияларды мамлекеттик жөнгө салуу, салык салуу, амортизациялык саясат жана башкалар экон. ыкмалар менен ишке ашырылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү