Индетерминизм
Индетерминизм (лат. in тангыч маанидеги бөлүкчө жана детерминизм) — жаратылыш жана коомдук көрүнүштөрдөгү себептүү байланыштардын объективдүүлүгүн (же илимдеги себептик түшүндүрүүлөрдү) танган философиялык окуу. Эркти өз алдынча автономиялык күч катары эсептеп, анын абстракттуу эрксиздигин үгүттөйт. Индетерминизмге карама-каршы өнүккөн концепция детерминизм деп аталат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5