Индивид - (лат. individuum бөлүнбөс, особь, гр. атом) —1) особь, ар бир өзүнчө жашаган организм; 2) жеке адам; инсан. Топтон, массадан айрым тирүү жандыктын, особдун бөтөнчөлүгүн, айрым адамдын жамааттан, социалдык топтон, а түгүл бүтүндөй коомдон айырмачылыгын белгилөө үчүн колдонулат. Индивид менен коом индивидуализмдин ар түркүн концепцияларынын баштапкы пункттарын түзүшөт. Индивид индивидуалдуулуктун синоними.

Колдонулган адабияттар түзөтүү