Индий (лат. Indium) — Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IIIА группа элементи, к.н. 49, ат. м. 114,82. Жаратылышта 2 изотобу кездешет: 113In (4,28%) жана 115In (95,72%). 1863-ж. Р.Рейх жана Е.Рихтер тарабынан ачылган. Жер кыртышында таралышы (м. б-ча) 1×10-5% түзөт. Негизги минералдары: CuInS – рокезит, FeIn2S4 –индит, In(OH)3 – джалиндит, CuIn, FeI3 (In,Sn)S4 – сакурапин. Таза И. металлын И-дин хлорид, сульфат туздарын же И. гидроксидинин суудагы эритмелерин электролиздөөдөн алынат:

Индий.

2InCl3 = 2In + 3Cl2

Индий - күмүштөй ак түстөгү, өтө жалтырак, жумшак металл, тыгызд. – 7,31 г/см3, балкып эрүү темп-расы 156,78оС, кайноо темп-расы 2047оС. Бирикмелеринде +1, +2, +3 окистенүү даражасын көрсөтөт. Бөлмө темп-расында абада туруктуу, HCl, H2SO4, HF, CH3COOH жана H2C2O4 к-талары менен жай, ал эми HNO3 менен тез аракетенет. Щелочтор менен аракеттенишпейт. Кадимки темп-рада хлор, бром м-н, ысытканда йод, кычкылтек менен реакцияга кирет. Суутек жана азот менен реакцияга кирбейт. И. түстүү металлдар тоо тектерин иштетүүдөн алынат. И. деп анын спектринин индиго боегундай көк түстө болгондугуна байланыштуу ат берилген. И. күзгү, зергер буюмдарын жасоодо, рефлектордо, прожектордо колдонулат.

Колдонулган адабияттар