Индикатор өсүмдүктөр — чөйрөнүн тигил же бул шартына мүнөздүү болгон өсүмдүктөр же алардын топтору. Белгилүү бир экологиялык шарт менен тыгыз байланышта болуп, жаратылыш байлыгынын ордун, алардын көлөмүн, курамын, ар кандай кен байлыктарды, чөлдө тузсуз суу булагын табууда жана айбанат шарттарын таанууда көрсөткүч болгон өсүмдүктөр. Буларга айрым түрлөр жана алардын табигый тааспрден аномалпялык өзгөрүлгөн формалары кпрет. Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү кыртыштын геохимиялык курамын так көрсөтүп, алар топуракта жана тоо тектеринде металл көп болгон жерде гана өсөт. Мисалы, астрагалдын айрым түрлөрү селендпн, ала гүлдүн кээ бпр түрлөрү цинктин, бетегенин түрлөрү коргошундун, чайыр гүлдөрдүн түрлөрү жездпн жана кобальттын бар экендпгпн аныктайт. Эңплчектер жана кээ бпр пйне жалбырактуу өсүмдүктөр чөйрөдөгү абанын тазалыгын көрсөтүүчү индикаторлор. Индикатор өсүмдүктөр топурактын механикалык курамын жана туздуулугун, чөлдө жер астындагы тузсуз жана минералдуу сууну, айрым кен байлыктарды жана тоо тектерди издөө жана картага түшүрүү иштеринде, эл чарбасынын түрдүү тармактарында кеңири пайдаланылат. Алардын жардамы менен геологиялык жана көрсөткүч карталар түзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү