Инди жазуусу — теги жана алфавиттеринин түзүлүш тартиби боюнча жалпылыгы бар жазмалардын кеңири тобу. Индия, Бангладеш, Пакистан, Непал жана Шри-Ланкада, ошондой эле Тибетте, Борбордук Азияда, Бирмада, Инди-Кытай жарым аралында жана Индонезияда колдонулат. Будда дини жана адабияты менен кошо таралган. Инди жазуусунун байыркы түрү иероглиф жазуу биздин заманга чейинки 3-2-миң жылдыкта эле Индияда пайдаланылган. Бирок аны окуп түшүнүү кыйын. Инди жазуусундагы эстеликтерден (биздин заманга чейинки 3-к.) окулганы муун жазуусу брахми гана. Брахминин негизинде Инди жазуусунун үч бутагы калыптанган: түндүк, түштүк, түштүк-чыгыш. Түндүк бутакка гупт (6-10-кылымдарда колдонулган), тибет (7-кылымдан тартып), нагари (7-8-к., соңку формасы деванагари), шарада, невари (12-кылымдан тартып) жазмалары кирет. Түштүк бутак жалгыз гана грантха жазмасынан турат. Ал 5-6-кылымдан тартып өрчүгөн, аны Түштүк Индиянын азыркы каннада, телугу, малаял, тамил деген адабий тилдери колдонот. Түштүк-чыгыш бутак көбүнчө байыркы палий графикасынын негизиндеги жазмалар: сингал, бирма, кхмер, лаос, тай, инди-кытай байыркы жазмалары жана башкалар.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү