Индокытай — Азиянын түштүк-чыгышындагы жарым арал. Аянты 2 млн км2 чамасында. Батышынан Бенгал булуңу, Андаман деңизи жана Малакка кысыгы, чыгышынан Түштүк Кытай деңизи жана анын булуңдары Сиам, Бакбо менен чулганат. Түндүк чеги Ганг жана Брахмапутра дарыясынын дельтасынан Хонгха дарыясынын дельтасына чейин шарттуу жүргүзүлөт. Кра мойногунан түштүккө карай Малакка жарым аралы созулуп жатат. Чыгыш чеги тегиз келип, батышында булуңдар, жээк бойлото жаткан аралдар көп. Көп бөлүгү тоолуу, кырка тоолордун көбү меридиан жана субмеридиан багытта жайгашкан. Батышында Ракхайн (Аракан) тоолору (бийиктиги 3053 мге чейин, Виктория чокусу), борбордук бөлүгүндө Шань тайпак тоосу жана Танентаунжи кырка тоосу (Малакка жарым аралына чейин созулуп жатат), чыгышында Чыонгшон (Аннам) тоолору жайгашкан. Алар кеңири өрөөндөр (Иравади, Менам, Кампучия) жана плато (Корат) аркылуу бөлүнгөн. Жарым аралдын басымдуу бөлүгүн палеозой жана мезозой бүктөлүштөрү, борбордук жана түштүк-чыгыш бөлүгүн Инди-Сина ортолук массиви, батыш бөлүгүн кайнозой бүктөлүү облусу ээлейт. Калай менен вольфрамдын ири кендери (негизинен Малакка жарым аралында) бар. Климаты субэкватордук муссондук, Малакка жарым аралында экватордук. Түздүктөрдө абанын орточо температурасы 20°Сден төмөндөбөйт, жайында 27-30°Сге чейин; тоолордо 15°Сге чейин жана андан да төмөн. Жылдык жаан-чачын тоолордун батыш айдарым капталдарында 2500-5000 мм (көбү жайында), ички аймактарында айрым жерлерде 1000 ммден аз, чыгыш деңиз жээктерпнде 2000 ммге чейин (көбү кышында). Ири дарыялары: Меконг, Иравади, Салуин, Менам-Чао-Прая. Сугатка кеңири пайдаланылат. Эң ири көлү Тонлесап. Токой басымдуу: тоолордун айдарым капталдарында аралаш нымдуу тропик, деңиз жээгиндеги саздак жерлерде мангр токою, кургакчыл ички аймактарында бадалдар, жалбырагы күбүлмө сейрек токой өсөт. Түздүктөрү айдалган. Аймагында Малайзия, Бангладеш, Вьетнам, Лаос, Мьянма, Таиланд, Камбоджа мамлекеттери жайгашкан.

Индокытай.

Колдонулган адабияттар түзөтүү