Индол (2,3-бензопиррол), С8Н7N – жагымсыз жыттуу, түссүз кристаллдар; мол. м.117.18, балкып эрүү t 52оС И. ароматтык бирикме, ысык сууда, орг. эриткичтерде эрийт. Начар негиз. Протондоштурууда 3-индолий катионун пайда кылат, ал И. нейтралдуу мол-сы менен димерди берет. Начар к-та сыяктуу NaOH менен Na-индолду, ал эми 130оС КОН менен – калийиндол пайда кылат. Электрофилдик орун алмашуу негизинен 3-абалда жүрөт. Ташкөмүр чайырында, кээ бир эфир майында (мис., жасмин жана цитрус) кездешет. И/ таш көмүр чайырынын нафтилин фракциясынан же 0-этиланилинди дегидрирлөө жана андан ары циклдештирүү менен алат. И/ бирикмелери биол. активдүү заттар. Мис., 3-индолилуксус к-тасы, серотонин, ж.б. И. гетероауксиy, триптофан синтездөөдө, парфюмерияда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү