Индология, индианистика - Индостан элдеринин тарыхын, маданий мурастарын, идеологиялык көз караштарын, адабият, искусство жана тилин, соңку мезгилде Индиянын экономикалык, социалдык жана саясий проблемаларын изилдөөчү илимдердин комплекси.

Европа элинин Индияга болгон кызыкчылыгы байыртан бери болсо да, Индология 19-кылымдын башында калыптанган. Орто кылымда Индия жөнүндөгү кабарларды кытайлык зыяратчылар, араб окумуштуулары, кийинчерээк европалык саякатчылар калтырышкан. Индияга деңиз жолунун ачылышы жана европалык колониялоонун башталышынын натыйжасында 16-18-кылымда өлкөнүн жергиликтүү тилдерин жана салттарын үйрөнүү кызыкчылыгы туулуп, миссионерлер менен соодагерлердин арасынан чыккан айрым адамдар бул иштерге кызыга баштаган. Колон, компаниянын чиновниктери да 17-кылымдын аягында Индия жөнүндө маалыматтарды жыйноодо белгилүү роль ойношкон.

18-кылымдын аягында англ, чиновниктердин админ-.-укук маселесине байланыштуу санскрит менен эстеликтерди үйрөнүүсү Индологиянын чыгышына түрткү болгон. Европада Индологиянын өнүгүшүн Байыркы Индиянын бай филологиялык салты шарттаган. Индологиянын колдонмо багыты болсо Индиядагы колон, администрациянын кызыкчылыгына жана муктаждыгына байланыштуу келип чыккан. Индиялыктардын турмуш-тиричилигин, салттарын жана хиндустандын калькутталык жаргонунун грамматикасын жазып калтырган биринчи орус индологу Г. С. Лебедев болгон.

19-кылымдын ортосунда ИАда жана бир катар университеттерде санскритти изилдөө өзгөчө өнүгөт. С. Ф. Ольденбург жана Ф. И. Щербатский тун. будда жазмаларын жарыялоо үчү натайын серия уюштурат. Палия буддизмин изилдеген көрүнүктүү индолог И. П. Минаев менен китаист В. П. Васильев орустун дүйнөгө таанымал буддологиялык багытын негиздеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.