Индукциялык меш — материалды индукциялык ысытуу менен эритүүчү электр меши. Мында металл өзгөрүлмө электр-магнит талаасына жайгаштырылып, ошонун негизинде металлда индукциялык ток пайда болот. Өнөр жайларда негизинен индукциялуу тигель жана индукциялуу канал мештери колдонулат. Тигель меши суу менен муздатылуучу жез түтүктөн жасалган соленоид түрүндөгү индуктордон жана тигелден турат. Мештин тигели эритилүүчү заттын касиетине жараша карападан, ал эми айрым учурда графит, болот жана башкалардан жасалат. Анда болот, чоюн, жез, алюминий, магний жана башкалар эритилип, сыйымдыгы бир нече кгдан жүздөгөн гга чейин жетет. Ал ачык түрүндө, вакуумдуу жана ичине газ толтурулуп жасалып, электр энергиясы менен иштейт. Канал меши электр-магниттик энергияны жылуулук энергиясына айландырат, жылуулук бөлүп чыгаруучу электр өткөргүч каналдын ичине жайгаштырылат. Канал мешинде түстүү металл жана анын куймалары, чоюн эритилет. Сыйымдыгы жүздөгөн кгдан бир нече гга чейин жетет. Индукциялык меште продукт таза алынат, тез ысытылат, температураны жөнгө салуу жөнөкөй, эриген металлдан ис газы (СО) аз чыгат, вакуумда жана газ сакталуучу жайларда эритүү мүмкүндүгүн жогорулатат.

Булактар түзөтүү