Индустриалдык коом
Индустриалдык коом - илимий-техникалык ишмердиктин, машиналык өндүрүштүн, фабрикалык уюм менен жумушчу эмгектин, жалпы улуттук базар менен айыл-чарба тутумунун борбордук ролу аркылуу татаал өнүккөн коомдун түрү. Өнүккөн, алдыңкы
Индустриалдык коом катары адатта ал агрардык «салттууга», «дыйкандыкка», «азаттыкка» ж.б. коомдун аз кыймылдуу түрлөрүнө каршы коюлат. «Индустриалдык коом» терминин К.А. Сен-Симонго тиешелүү дешет. Андан ары Индустриалдык коом концепциясы социологиянын: О.Конттун, А.Токвилдин, К.Маркстын, Э.Дюркгеймдин ж.б. идеялары менен байыган. Индустриалдык коомдун дээрлик расмий академиялык теорияга жетип гүлдөгөн доору батыш социологиясында 1950-60-жж. (Ж.Фурастье, Р. Арон, Р. Дарендорф, У.Ростоу, Дж. Гэлбрейт ж.б.) туура келет. Бул мезгилде «Индустриалдык коом» түшүнүгү көбүрөөк жалпы түшүнүк катары капиталисттик коомду маркстык түшүндүрүү менен теңтайлашкан. Бул өңүттө алгач капитализм-социализм карама-каршылыгынан качуу жана кызматы өндүрүштүк күчтөрдү өнүктүрүү, коомдук байлыкты чогултуу болгон. Азыркы өнүккөн Индустриалдык коом үчүн биринчи (айыл чарбасы) жана экинчи (өнөр жай) сектордон чарбанын үчүнчү секторуна - кызматтарга демилгелүү калктын оошу мүнөздүү. Бул дайыма болуучу массалык жумушсуздукту жок кылат, биринчи жана экинчи секторлордун продукттарынын кирешелери менен керектөөлөрүн акырындап теңдөөнү камсыздайт (же бул чөйрөнүн техникалык прогресске аз гана жетиштүүлүгүнүн айынан эң байлар тарабынан керек кылынган кызматтардын акысы менен баасы жогорку темпте өсөт) жана социалдык толкундардын (Фурастьенин теориясы) коркунучу кескин төмөндөйт. Мурдагы социалисттик өлкөлөрдө айыл-чарба секторлорунун эски шайкештиги азырынча сакталат. Бирок жалпы «индустриялаштыруу логикасы» бардык коомду айыл-чарбаны уюштуруунун негизги институттары менен ыкмаларынын окшоштугунун (конвергенциясынын) жогорулашына алып барат.
Коомдордун индустриялашуусунун деңгээли канчалык жогору болсо, анда бул тенденция ошончолук күчтүү келет. Индустриалдык коом концепциясы - конвергенция, модернизация жана менеджерлердин технократиялык революциясы теорияларынын ажырагыс бөлүгү. Капитализм Индустриалдык коомдун узап аткан баскычы катары - бул коом, өнөр-жай өндүрүшү дээрлик толук бойдон жеке колдордо жана ишкерлерде турат, ал бир эле мезгилде анын ээси жана башкаруучусу. Индустриялашкан уюмдун масштабынын өсүшү менен капиталга болгон менчик бийликтин үстүнөн болгон көзөмөлдү жана башкаруу, менеджерлик кылуу боюнча адистерге өтө турган, жалпы улуттук «социалдык рыноктук чарбалар» тутумдарын түзүүгө көбүрөөк ийкемдүү ишканаларды башкарууга кепилдик бербейт. Бул «жаңы башкаруучу таптын» бийлиги менчиктик укукка Караганда, маалыматты эксперттик көзөмөлдөөгө көбүрөөк негизделген. Ойдун мындай жүрүшү окумуштуулар кеңештери менен техникалык серепчилердин Индустриалдык коомду башкаруусу жөнүндөгү Сен-Симондун утопиясын улантат.
Индустриалдык коом теориясында ал үчүн салтгуудан Индустриалдык коомго өтүүдө негизги нерсе - демократиялыштыруу процесси, анын ичинде мурасталган социалдык айырмачылыктарды жоюу, салттуу катмарлык артыкчылыктар менен иерархияларды жок кылуу, мыйзам алдында жарандык укуктар менен жалпы коомчулуктун тең болушу маанилүү болгон Токвилден бери келе жаткан нерселер негизги саясий мааниге ээ.
Жарандык укуктардын (юридикалык, саясий, социалдык) тутумунун өнүгүүсүндө таптык бөлүнүүнүн карты турган тутумуна карата XX к. батыштык социологдор (Т.Маршалл Т.Парсонс, Р.Бендикс ж.б. көптөгөндөр) таптардын (пролетариат менен капиталисттердин) келишкис полярдашуусунун жана Маркс тарабынан алдын-ала айтылган Батыштагы зомбулук революциясынын болбогондугуна жооп издешет. Таптык мамилелер Индустриалдык коомдун алгачкы баскычтарында гана курч зомбулук келишпестиктеринин булагы болгон. XIX к. мүнөздүү таптык келишпестиктер акырындап алардын укуктук институтташтырылышына, эмгек келишимдеринин, жамааттык сүйлөшүүлөрүнүн өнүгүшүнө жана иш уюмдарынын мыйзамдаштырылышына жараша жумшарды. Токвиль алдын-ала көргөндей, демократиялык кыймыл, бардык калкка карата саясий жарандык укуктардын (жалпы добуш берүү жана саясий партияларды түзүү укугу) кеңейиши өнөр-жайдын өзүнүн өнүгүүсү менен бирге полярдашууга эмес, аралык (орто) катмарлардын жогорулашына алып келет. Таптык полярдашуу, аны менен бирге таптык антагонизм дагы жоголот. Мүмкүнчүлүктөрдү формалдуу-укуктук теңдөөдөн тышкары билимге кеңири жетишүүнүн базасындагы социалдык мобилдүүлүктүн реалдуу өсүшү дагы катаал таптык жолтоолорду жоюуну жөндөмдөштүрөт.
Азыркы Индустриалдык коомдун өнүгүүсүнүн жалпы тенденциясы - социалдык катмарлануунун тутуму болушунча адистик жөндөмдүүлүгү менен кесипкөйлүк сапаттарынын айырмачылыгынан чыккан «ички» теңсиздикке таяныш үчүн «тышкы» (социалдык жактан бекемделген) теңсиздиктерди прогрессивдүү түрде четке кагуу. Бул жеңиштер бардык саясий чөйрөлөр сыяктуу эле мамлекетке кескин карты турган коомдун экономикалык өз алдынча кыймылы биринчи деп саналган сен-симондук (жана маркстик) мамлекетке Караганда токвилдик салт Индустриалдык коомдун өнүгүүсүнүн өз алдынча жана маанилүү фактору деп эсептеген улуттук либералдык-демократиялык мамлекетти коргойт. Мындан келип социалисттик салтта утопиялык программалар Индустриалдык коомду демократиялаштыруунун проблемаларын «саясаттан тышкаркы», формалдык эмес-укуктук жолдор менен, капитализмден арыштан өндүрүшчүлөрдүн эркин ассоциациялары аркьшуу чечет. Иш жүзүндө бийликтин ашынган, көзөмөлсүз деңгээлине алып келди. Батыштагы жана «экинчи модернизация» өлкөлөрүндөгү индустриялаштыруунун социалдык-саясий жыйынтыктарынын жүрүшүндөгү айырмачылыктар көп убакта Англия менен АКШда жарандык укуктар (б.а. саясий эркиндик принциби) идеясы, адам укуктары жана бир мамлекеттүүлүктүн чегиндеги ар түрдүү этностук бир жарандуулук катары улут идеясы биринчи өндүрүштүк революцияга чейин эле ырасталгандыгы менен түшүндүрүлөт. Орусияда болсо бул саясий милдеттер алыска жылган индустриялашуунун шартында деле чечилген эмес. Индустриалдык коом идеяларынын тутумунун табигый уландысы 70-жж. «постиндустриалдык коом» теориясы болуп калды (кара, Постиндустриализм).
Колдонулган адабияттар
түзөтүүАдам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8