Индустриялык коом
Индустриялык коом — «бүгүнкү типтеги» коомдук системалардын келип чыгышын мүнөздөгөн социологиялык теория түшүнүгү. Индустриялык коом жаңы доордун мезгилинде Батыш Европада калыптанып, 20-кылымдын 50-60-жылдарында кеңири таралган (Р. Арон, У. Ростоу, Д. Белл жана башкалар) концепция. Бул терминдин чыгышы А. Сен-Симонго таандык. Индустриялык коомдун структураларынын тарыхый калыптануусу модернизация концепцияларында изилденет. Индустриялык коомдо төмөнкү процесстер байкалат: өндүрүшгү механикалаштыруу жана автоматташтыруу, техникалык жаңыртууларды колдонуу, шаарлардын өсүшү, байыркы коомдук түзүлүштөр (патриархалдык үй-бүлө) жоюлуп, балдардын төрөлүшүнүн төмөндөшү, билим алуу түрлөрүнүн пайда болушу, урбанизация, базар экономикасы, ишкерлердин социалдык топтору жана жалданма жумушчулар, демократия жана укуктук мамлекет менен мүнөздөлгөн өнөр жай коомунун өнүгүшү жана башкалар Индустриялык коом либералдуу коомдордо да, ошондой эле авторитардык-этатисттик режимдерде да өкүм сүрө алат. 20-кылымдын аягында Индустриялык коомдон постиндустриялык коомго өтүү башталды. Индустриялык коом социалдык системалардын эволюциясынын бүткүл-дүйнөлүк тарыхый процессинин бир баскычы катары каралат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5