Инерциялык навигация – 1) транспорт каражаттарынын багытын жана ордун аныктоо ыкмасы; 2) гироскоп, акселерометр жана компьютерден турган система. Объектилердин (кеме, самолёт, ракета жана башкалар) кыймылынын координаталары менен параметрлерин аныктоого, телонун автоматтык башкарууга багытталган, инерция касиетине негизделген жана автономиялуу кыймылын башкаруу методу, башкача айтканда тышкы аракеттин болушун талап кылбаган ыкма. Гироскоптор платформанын горизонталдык жана вертикалдык, ошондой эле Түндүк, Түштүк багыттарда туруктуу кармайт. Унаа каражатынын багытынын өзгөрүшү дайыма платформага салыштырмалуу көзөмөлдөнөт. Бул учурда унаа каражатынын ылдамдануусун горизонталдуу, керек учурда вертикалдуу тегиздикте өлчөөчү акселерометрден ылдамдыктын көрсөткүчтөрү келип түшөт. Унаа каражатынын ордун эсептеп табуу компьютер аркылуу ишке ашырылат. Навигация маселелерин чечүүнүн кадимки ыкмасы тышкы багыттоочу белгилерди же сигналдарды (жылдыз, маяк, радио сигнал жана башкалар) пайдаланууга негизделген. Бул ыкма абдан эле жөнөкөй, бирок айрым учурда чоң ылдамдыктагы (мисалы, космоско учууда) кыймыл үчүн зарыл болгон тактыкты бере албайт. Инерциялык навигация 20-кылымдын 30-жылдары негизделип, орус өнүгүшүнө илимпоздору Б. В. Булгаков, А. Ю. Ишлинский, немис илимпозу М. Шулер жана амер. Ч. Дрейпер өз салымдарын кошкон. Инерциялык навигацияны биринчи жолу 1942-ж. амер. инженер Фон Браун иштеп чыккан. Инерциялык навигация принциби Ньютон закондоруна таянат. Инерциялык навигация кеме, суу астындагы кайык, самолёт, космос аппаратынын кыймылын башкарууда кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү