Инженердик психологияпсихология илиминин атайын бир тармагы.

Ал

  • 1) «адам жана машина» системаларында информацияны иштетүүдө жана башкарууда адамдардын иш-аракеттерин туура уюштуруу;
  • 2) башкаруучу жана тейлөөчү персонал менен автоматташтыруунун техникалык каражаттарынын ортосундагы милдеттерди максатка ылайык бөлүштүрүү;
  • 3) информация менен камсыз кылуу жана чечим кабыл алуу процесстерин жайгаштыруу милдеттерин чечет.

Инженердик психология жеке адам психологиясы, эмгек психологиясы сыяктуу өзүнө жакын илимдердин маалыматтарына таянат. Инженердик психология 20-кылымдын 40-жылдары пайда болуп, эмгек психологиясынын бир багыты катары өнүккөн. Инженердик психологиянын негизги милдети жабдууларды долбоорлоодогу каталыктарды талдоо же операторлорду даярдоо, «адам жана машина» системасынын эффективдүүлүгүнө таасир этүүчү факторлорду табуу. Өндүрүштүн автоматташтырылышы жана алыстан контролдоо жана башкаруу каражаттарынын өсүшүнө байланыштуу өз алдынча илимий тармакка айланды.

50-жылдары адамдын информация кабыл алуу жана кайра иштөө мыйзам ченеминин жалпы белгилери гана аныкталган болсо, 60-жылдары киши менен ЭЭМдин өз ара аракеттенүүсүн уюштуруунун жалпы принциптери аныкталган. 60-жылдардын аягында Инженердик психология адамдын иш-аракеттерин ири системаларда долбоорлоого, синтездөөгө өттү.

  • Инженердик психологиянын маанилүү проблемалары - операторлорду профессияга карата ылгоо, окутуу жана машыктыруу ыкмаларын иштеп чыгуу;
  • конкреттүү системаларда оператордун иштеринин өзгөчөлүктөрүн табуу жана өндүрүштүк, согуштук ж. б. системаларды түзүүдө жана пайдалануу учурунда адам фактору эсепке алынган сунуштарды, нормаларды жана стандарттарды иштеп чыгуу;
  • информ. моделдерди жана башкаруу органдарын туура долбоорлоо, операторлордун ишмердик абалдарын (чарчоо, психикасына күч келүү) контролдоо ыкмасын иштеп чыгуу.

Азыркы учурда Инженердик психология үчүн адамдын жеке психологиясынын белгилерин, айрыкча талап, иш-аракеттин себебин, эмоциялык абалды изилдөөнүн негизинде алынган маалыматтар өтө маанилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.