Инозит витамини — Инозит организмде боорду май басып кетүүдөн сактайт.

Өсүмдүктөрдөн ж-а жаныбарлардан алынган тоюттарда, дан өсүмдүктөрүндө, ундун улпагында көп. Бул витаминдин гиповитаминозунда өсүү процесси акырындап, тери оорулары пайда болот, көрүү начарлайт, ичеги-карындын иштеши бузулат, малдын жүнү түшө баштайт.

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4