Иностранцев Константин Александрович

Иностранцев Константин Александрович, орус тарыхчы-чыгыштаануучусу, 1876-ж.5-апрелинде Санкт-Петербург шаррында туулган. 1941-ж. декабрь айында ленинградда дүйнөдөн кайткан. 1899-ж. Петербург университетинин чыгыш тилдери факультетинде окуган. 1908-ж. Чыгыш элдеринин тарыхы боюнча диссертация коргогон. Санкт-Петербур университетинде дарс окуган. Сасанийлик Иран, Чыгыш элдеринин материалдык маданияты боюнча ири адис. Хуннулардын келип чыгышы, Орто Азия элдеринин байыркы тарыхынын этаптары, араб-иран алакалары боюнча илимий маселелердин үстүндө иштеген.

Негизги эмгектери

түзөтүү
  1. Торжественный выезд фатымидских халифов, СПБ, 1905;
  2. Сасанидские этюды, СПБ, 1909;
  3. О древнеиранских погребальных обычаях и постройках, СПБ, 1909;
  4. Обычаи прикаспийского населения Персии в Х в., СПБ, 1909;
  5. О домусульманской культуре Хивинского оазиса, СПБ, 1911;
  6. Переселение парсов в Индию и мусульманский мир в пол. VIII в., П., 1915;
  7. К истории домусульманской культуры Средней Азии, П., 1917.
  8. Хунну и гунны // Труды туркологического семинария, 1926
  9. Лит.: Крачковский Иностранцев Константин Александрович Ю., Избр. соч., т. 5, М.—Л., 1958, с. 169.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү