Институтташтыруу — кайсы бир саясий көрүнүштүн же кыймылдын, белгилүү мамилелердин түзүмү, түрдүү деңгээлдеги бийликтин иерархиясы жана уюмдун башка белгилери: тартип, жүрүм-турум эрежелери жана башкалар бир формага, тартипке келтирилген процесске, уюмдашкан мекемеге айкалышы.

Институтташтыруунун башкы формалары коомдук өзүн-өзү башкаруунун жана стихиялуу процесстердин, массалык же топтук кыймылдардын, толкундоолордун жана башкалар деңгээлинде пайда болот. Бир гана шарты: институтташтыруу үчүн аларда тартипке келтирилген, багытталган аракеттер, башкаруу жана уюштурууга жөндөмдүү лидерлер, кийин туруктуу жетектөөчү топ пайда болуп, башкарууга баш ийүүсү керек. Институтташтыруунун өнүккөн формалары түзүлүп бүткөн саясий бийликтин, мекемелердин, саясий ассоциациялардын түзүмү бар коомдун калыптанган саясий тутуму менен белгиленет.

Булактар түзөтүү