Интеграл (лат. integer – бүтүн) – математикалык анализдин жана математиканын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Ал туундусу боюнча функциянын өзүн табуу жана f(x) функциясынын кесиндисиндеги графиги менен абсцисса огунун ортосундагы аянтты эсептөө маселелерине байланыштуу келип чыккан. Бул эки маселеге ылайык аныкталбаган интеграл жана аныкталган интеграл болуп айырмаланат. Өз ара байланышкан интегралдардын бул эки түрү жана башка түрдөгү интегралды чыгарууну изилдөө интеграл эсептөөлөрү маселесин түзөт. «Интеграл» терминин биринчи жолу швейцариялык математик Я. Бернулли колдонгон (1690). Үзгүлтүксүз функциядан алынган интегралды интегралдык сумманын предели катары аныктоо О. Кошиге (1823) таандык, кыскасы Коши интегралы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү