Интегралдык ресурстар – өз ара тыгыз байланышта жана бири-бирине көз каранды болгон бардык табият ресурстарынын түрлөрүнүн (маалымат, энергетикалык, заттык жана башкалар) жыйындысы, башкача айтканда коомдун тиричилигинде кездешкен бардык табият факторлору менен адамзаттын материалдык жана эмгек ресурстарынын айкалышы. Ресурстун бир түрүнүн же тобунун сандык же сапаттык өзгөрүүсү сөзсүз же билинер-билинбес башка ресурстардын өзгөрүүсүнө алып келет. Мисалы, суунун азайышы ал аймактын энергетикалык жана башкалар көрсөткүчтөрүнүн, коомдун тиричилиги менен чарбалык шарттардын өзгөрүшүнө алып келет. Натыйжада ал эмгек өндүрүмдүүлүгүнө, калктын миграциясына жана башкалар таасирин тийгизет. Мисалы, Кыргызстанда 2008-ж. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн өтө азайышынын натыйжасында келип чыккан электр энергиясын пайдаланууну чектөө жана башкалар жагымсыз шарттар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү