Интеллектуалдык менчик – ачылышка, ойлоп чыгарууга, илим, адабият, искусство чыгармаларына жана башкалар интеллектуалдык чыгармачылык эмгектин үзүрүнө ээлик. Эл аралык практикада кара ниет атаандаштыкка каршы коргоого алынуучу адабий, көркөм, илимий, маектештик чыгармаларга, өнөрпоздордун аткаруучулук ишмердигине, үн жазууга, радио берүүлөргө жана телекөрсөтүүлөргө, адам ишмердигинин бардык чөйрөсүндөгү ойлоп табууларга, илимий ачылыштарга, өнөр жай үлгүлөрүнө, товардык белгилерге, тейлөө белгилерине, фирмалык аталыштарга, ошондой эле өндүрүштүк, илимий адабий жана көркөм чөйрөдөгү жеке ишмердикке кирүүчү укуктар Интеллектуалдык менчик деп түшүнүлөт. Интеллектуалдык менчик автордук укук, өнөр жайлык менчик, илимий менчик деп бөлүнөт. Интеллектуалдык менчик боюнча эл аралык мүнөздөгү бир катар укуктук актылар бар: өнөр жай менчигин коргоо Париж Конвенциясы (1883), Адабий жана көркөм чыгармаларды коргоо боюнча Берн конвенциясы (1886), Автордук укук боюнча бүткүл дүйнөлүк Конвенция (1952) жана башкалар Бул конвенциялар көп жолу өзгөртүлгөн жана азыр жаңы редакцияда колдонулат. Андан тышкары Интеллектуалдык менчик боюнча азыркы учурда 20дан ашуун макулдашуу бар. 1967-ж. Отокгольмдо Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмун (БИМУ) түзүү тууралуу конвенцияга кол коюлуп, ал 1970-ж. күчүнө кирген. Кыргызстан ага мүчө. Интеллектуалдык менчикке укук экономикалык, социалдык жана маданий укук жөнүндөгү 3-Эл аралык пактта бекемделген. Кыргызстанда Интеллектуалдык менчик укугунун сакталышын КРдин мамлекеттик патент кызматы көзөмөлдөйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү