Интеллектуалдык менчиктеги өнөр жай түрү

Интеллектуалдык менчиктеги өнөр жай түрү - болуп ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер жана өнөр жай үлгүлөрү боюнча укуктар эсептелинет.

Практикалык иш аракеттердин чөйрөсүндө пайда болгон маселелерди чечүүнүн техникалык каражаттарын табуу боюнча адам жетишкен ар кандай чыгармачылык жыйынтык, же кыскача айтканда техникалык маселелердин жаңыча чечилишин ойлоп табуу болуп эсептелинет.

Пайдалуу модель - бул өндүрүш каражаттарын жана күнүмдүк нерселерди, о. э. алардын курамындагы бөлүктөрдү конструктивдик аткаруу, б.а., пайдалуу модель катары түзүлүштөр (буюмдар) жана белгилүү түзүлүштөрдү пайдалануунун өзү корголушу мүмкүн. Өнөр жай үлгүсү - буюмдун сырткы көрүнүшүн аныктай турган анын көркөмдүк конструктордук чечилиши.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9