Интервал (лат. intervallum аралык) – музыкада жана акустикада эки үндүн бийиктигине жараша байланышы. Интервалдын төмөнкүсү анын негизи, жогоркусу эң бийиги деп аталат. Эгер үндөр бир убакта алынса, гармониялуу интервал, удаа алынса, обондуу интервал делет. Ошондуктан интервал добуш катарындагы үн баскычтарынын саны аркылуу түшүндүрүлөт. Музыкалык теорияда интервал жарым тондун жана тондун саны менен ченелсе, музыкалык акустикада үндөрдүн термелүү санын салыштыруу менен ченелет. Мисалы, добуш катарынын төмөнкү үнүнүн термелүүсү жогорку үндүкүнөн эки эсе аз. Интервал диатоникалык жана хроматикалык болуп бөлүнөт. Диатоникалык интервалга таза интервал (прима, кварта, квинта, октава) менен кошо чоң жана кичине интервал (секунда, терция, секста, септима) кирет. Хроматикалык интервалга бардык көбөйтүлгөн жана азайтылган интервал, көбөйтүлгөн прима до-до-диез, азайтылган секунда доре-бемоль кирет. Ошондой эле интервал консонанска жана диссонанска бөлүнөт. Интервалдын мүнөздүү угулушу анын ладдагы, аккорддогу жана динамикадагы абалына жараша болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү