Интерпелляция (лат. interpellatio – сөздү бөлүү, сотко даттануу, доо, талап) – бир катар чет мамлекеттерде (негизинен парламенттик башкаруудагы) депутаттардын бир тобунун өкмөткө же айрым министрге багытталган алар жүргүзүп жаткан ички же тышкы саясат боюнча, болбосо кандайдыр бир конкреттүү маселе жаатында түшүнүк берүү тууралуу талабы. И. оозеки жана адаттагы жазуу жүзүндөгү суроо-талаптардан баарыдан мурда киргизүү жолжобосу жана укуктук натыйжалары менен айырмаланат. Өкмөттүн (министрдин) И-га жообу кошумча суроолор менен гана коштолбостон, ага ишеним көрсөтүү тууралуу жалпы талаш да жаратуусу ыктымал.

Колдонулган адабияттар түзөтүү