Интерпол
Интерпол ( ICPO – International Criminal Police Organization , « Interpol ») – Эларалык кылмыш иликтөө полициясынын кыскартылган аталышы; 1923-жылы уюштурулган. Башкы ассамблея И-дун жогорку органы болуп саналат, туруктуу атайын органдар катары Башкы катчылык жана улуттук борбордук бюролор иштешет. И. кылмышкерлерди каттоонун эларалык борбору катары иштейт жана аларды (ошондой эле шектүүлөрдү; дайынсыз жоголгон кишилерди; уурдалган баалуулуктарды) эларалык издөөнү координациялайт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7