Интерсекционалдык ык-амал

Интерсекционалдык ык-амал (англ. intersection «кесилишүү») – аялдарды басмырлоонун жана акыйкатсыздыктын ар кандай формаларын кесилиштирип / биринин үстүнө бирин коюп талдай турган феминисттик методологиялык ык-амал.

Учурдагы феминисттик социологиялык чөйрөлөрдө интерсекционалдуулуктун универсалдуу аныктамасы жок. Сөздүн кеңири маанисинде алып караганда, басмырлоонун же кодулоонун ар кандай формаларынын же тутумдарынын кесилиши деп түшүнүүгө болот. Интерсекционалдык концепт феминисттик теория же саясий позиция катары каралат. Бирок бардык учурларда аялдардын аярлуулугунун ар кандай факторлорун жана социалдык, экономикалык, маданий шарттардын алардын уникалдуу теңсиздик тажрыйбасынын калыптанышына тийгизген таасири эске алынат.

Тарыхы түзөтүү

Интерсекционалдык ык-амалдын башаттары 1960-1970-жж. таандык, так ошол мезгилде феминисттик көз-караштар текшерилип, жыныстык жана гендердик таандыктык маселеси аялдарды алсыратып, аярлуу кылган негизги себеп катары каралган. Ушундан улам, бардык аялдардын "аялдардын универсалдуу тажрыйбасы" жана "тилектештиги" сыяктуу салттуу феминисттик категорияларга байланыштуу көйгөйлөрү көтөрүлгөн. Биринчи жолу интерсекционалдуулук түшүнүгү 1989-жылы[1] социологиялык илимдер профессору Кимберли Креншоудун бир катар эмгектеринде колдонулган. Аталган термин ар кандай социалдык-экономикалык жана маданий шарттарда аялдардын ар кандай тажрыйбаларын калыптандырган категорияларды/окшоштуктарды эске алуу менен, афроамерикалык адамдарды басмырлоодо раса менен гендердин өзара аракеттешүүсүн сүрөттөгөн[2]. 1990-жылдары социолог Патриция Хилл Коллинздин эмгектери аркылуу термин кыйла кеңири колдонула баштаган[3]. Интерсекционалдык ык-амал боюнча, коомдо адам эркек же аял, жумушчу же жумуш берүүчү, шаардык же айылдык деп гана айырмаланбастан, анда бир эле маалда бир катар окшоштуктар кесилишип өтөт. Андыктан аялдардын укуктарын коргоодо, ЛГБТКИ (лесбилердин, гейлердин, бисексуалдардын, трансгендердин, квирлердин, интерсекстердин[4]), майыптыгы бар адамдардын, ички жана тышкы мигрант аялдардын/эркектердин, эмгекчилердин, ар кандай топтордун укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу маселелерди көтөрбөй коюу мүмкүн эмес. Ар кандай аспекттерди эске алган ушундай ык-амал теңсиздиктин жергиликтүү/чөлкөмдүк контексттери менен иштөөгө мүмкүндүк берет. Айрым феминисттик багыттар интерсекционалдуулукту (радикалдык, марксисттик ж.б.) аялдардын тилектештигин бузган ык-амал деп сынга алышат. М.Карбин менен С.Эденхейм "Феминисттик теориядагы интерсекционалдык бурулуш: жалпы тил жөнүндө кыялдануубу?"[5] деген макаласында, интерсекционалдык концепция белгилүү бир кырдаалда болуп өткөн (афроамерикалык феминизмдин көйгөйлөрүндө), ал эми кийинчерээк аны көптөгөн изилдөөчүлөр менчиктештирип алып, кеңири жайылткандан кийин, басмырланган окшоштуктар көбөйүп кеткен. Демек, гендер категориясы эркек менен аялдын ортосундагы түзүлүштүк теңсиздикти талдоодо негиз болбой калат.

Кыргызстан тажрыйбасы түзөтүү

Кыргызстандагы гендердик теңсиздикти талдоодо ар кандай негиздерди эске алуу зарылчылыгы 1995-жылдын 15-сентябрындагы 16-пленардык отурумунда кабыл алынган Пекин декларациясына жана Пекин иш-аракеттер платформасына (ПИП)[6] байланыштуу. Бул документ Кыргызстандагы аялдардын абалын жакшыртуу стратегиясын түзүүдө негиз болуп берген. ПИПда аялдар туш болгон бардык кырдаалдар менен шарттарды эске алып, баалоо керек деп айтылат. Өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аракетинде аялдар көбүнчө бири-бирин шарттап, толуктап турган өзгөчө тоскоолдуктарга кабылышат. Башкача айтканда, аялдардын абалына байланыштуу маселелерди карап жатканда, расалык, курактык, тил, этностук жана маданий таандыктык, билим берүү, дин, сексуалдуулук, ден-соолуктун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендиги, жалгыз бой эне статусу, мигрант аял статусу, жарандык статус, шаарда же айылда жашагандыгы сыяктуу факторлорду эске алуу керек. Мисалы, кыргыз кыздары, айрыкча алыскы райондордогу айыл жергелеринде жашаган кыздар ала качуу көрүнүшүнө көбүрөөк дуушар болушат. Мындай шартта, кыз ала качуу учурлары бир нече эсеге көбөйүп кетет. Демек, бул учурда жыныс, этнос, кандайдыр бир жерге таандык болуу, мыйзам тарабынан начар корголгондук сыяктуу ар кандай факторлор кесилишет. Алсак, 2012-жылы укук коргоочу уюмдардын тутумдаштырылган ишинин жана Кыргызстандагы "155" улуттук кампаниясынын аркасы менен, Кыргызстанда кыз ала качуу жосуну үчүн каралган жазалоо чарасын катууланып, эркинен 7 жылга чейин ажыратуу чарасы каралган мыйзам кабыл алынды. ПИПда аялдарга эономикалык жактан көзкарандсыздыкка жетүүгө көмөктөшүп, бирдей мүмкүнчүлүктөрдү, ресурстарды жана мамлекеттик кызматтарды берген экономикалык түзүлүштөрдү өзгөртүүгө умтулуу керек деп айтылып, белгиленген максаттарга жетүү үчүн бардык деңгээлдерде ар тараптуу иш алып баруу керек деп сунушталат.

2013-жылдын май айында Кыргызстанда Басмырлоого каршы мыйзамдарды (БКМ) иштеп чыгуу демилгеси көтөрүлгөн. БКМ - мыйзамдагы ченемдер аркылуу басмырлоого каршы күрөшүү куралы болуп, басмырлабаган жалпы ченемдерди толуктап турат. Бул иште жарандык тармактын өкүлдөрү (эркектер/аялдар), активисттер, аялдардын, ЛГБТ, секс кызматчыларынын, түрмөдөгү аялдардын укуктарын коргогон укук коргоочу уюмдар катышты. Коалиция программалык мүнөзгө ээ болуп, КРнын мыйзам чыгаруу документтеринде калктын ар кандай аялуу топторун басмырлоо факторлорунун таасирин баалап, аларды эске алынган.

2014-жылы Коалиция башка нукта иш алып барган - КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары көтөрүп чыгышкан "Салттуу эмес сексуалдык мамилелер тууралуу маалымат таратуу жөнүндө" мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы чыгышкан. Акыйкаттык жана басмырлабоо коалициясы КРнын Конституциясына жана Кыргызстандын бир катар эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келген мыйзам долбоорун экспертизалап, анын басмырлоочу мүнөзүн түшүндүрүп берген. 2015-жылы мыйзам долбоору КРнын Жогорку Кеңешинин үч жолу окулушунун экөөсүнөн ийгиликтүү өттү.

Эскичил бурулуштун таасиринен улам теңсиздикке байланыштуу маселелердин көпчүлүгү расмий бийлик риторикасында ачык айтылбай жаткандыгына карабастан, Кыргызстанда укук коргоочу, феминисттик, ЛГБТ, ЛБТ, активист аялдар менен активист эркектер жана уюмдар жигердүү иш алып барышууда. Алардын күн тартиби - экономикалык, социалдык, саясий, маданий жактан аярлуулукту шарттаган факторлорду эске алып, аялдардын укуктары менен абалына байланыштуу маселелердин үстүнөн иштөө.

Эскертмелер түзөтүү

  1. 2009-жылдын 17-июлундагы "Мамлекет кепилдендирген юридикалык жардам жөнүндө" КРнын №227 мыйзамы.
  2. Crenshaw, Kimberle. Demarginalizing the intersection of race and sex: a black feminist critique of antidiscrimination doctrine, feminist theory and antiracist politics. University of Chicago Legal Forum, 1989.
  3. Crenshaw, Kimberle. Mapping the margins: intersectionality, identity politics and violence against women of color [Electronic resource]: Access mode. – http://socialdifference.columbia.edu/files/socialdiff/projects/Article__Mapping_the_Margins_by_Kimblere_Crenshaw.pdf Archived 2015-10-14 at the Wayback Machine
  4. Hill Collins, Patricia. Black Feminist Thought. Routledge, 2000.
  5. "ЛГБТКИ" термини "маданиятка негизделген сексуалдуулук менен гендердик окшоштуктун" ар түрдүүлүгүн баса белгилеп, гомосексуалдык, бисексуалдык жана трансгендердик адамдарды белгилөө үчүн колдонулат [Электрондук ресурс]. URL: https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%9B%D0%93%D0%91%D0%A2
  6. Carbin, Maria. Edenheim, Sara. The intersectional turn in feminist theory: A dream of a common language? [Electronic resource]: Access mode. – http://ejw.sagepub.com/content/20/3/233.abstract Archived 2016-07-11 at the Wayback Machine

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси түзөтүү

  • 1. Рахманинова М. Генезис интерсекционального подхода к анализу власти и дискриминаций: между гендером и классом. [Электрондук ресурс]. URL:www.gramota.net/materials/3/2015/2-1/43.html
  • 2. Пекин декларациясы жана иш-аракеттер платформасы, 1995-жыл [Электрондук ресурс]. URL:http://www.un.org/womenwatch/....BDPfA%20R.pdf(жеткиликсиз шилтеме)
  • 3. Пекин декларациясы менен Пекин иш-аракеттер платформасынын "Пекин +20" аткарылышынын алкагындагы Кыргыз Республикасынын серептөөсү, 2014-жыл.
  • 4. Crenshaw, Kimberle. Demarginalizing the intersection of race and sex: a black feminist critique of antidiscrimination doctrine, feminist theory and antiracist politics. University of Chicago Legal Forum, 1989.
  • 5. Crenshaw, Kimberle. Mapping the margins: intersectionality, identity politics and violence against women of color [Electronic resource]: http://socialdifference.columbia.edu/..../Article__Mapping_the_Margins_by_Kimblere_Crenshaw.pdf(жеткиликсиз шилтеме)
  • 6. Carbin, Maria. Edenheim, Sara. The intersectional turn in feminist theory: A dream of a common language? [Electronic resource]: Access mode. – http://ejw.sagepub.com/content/20/3/233.abstract Archived 2016-07-11 at the Wayback Machine
  • 7. Hill Collins, Patricia. Black Feminist Thought. Routledge, 2000.
  • 8. Hooks, Bell. Feminist theory: from margin to center (3rd ed.). New York: Routledge. 2000.
  • 9. Thompson, Becky. Multiracial feminism: recasting the chronology of Second Wave Feminism. Feminist Studies. 2002.