Интерстеллар
«Интерстеллар» (англ. Interstellar [ˌɪntəˈstelə], «Жылдыздар арасындагы илим»; орус. Интерстéллар) – 2014-жылы Кристофер Нолан тарабынан тартылган илимий фантастикалык британ-америкалык тасма. Сценарийин жана продюсерлигин Нолан башкалар менен биргеликте жүргүзгөн. Тасмага Мэттү Макконахи, Энн Хатэуей, Жесика Честейн, Бил Ирвин, Эллен Бөрстин, Жон Литгоу жана Майкл Кейн катышкан. Адамзат жашоо үчүн күрөшкөн келечеги туңгуюк мезгилде космонавттар тобу адамзат жашоосун уланта ала турган жай табуу үчүн кара тешикке кирип, башка мейкиндикке саякатка жөнөшөт.[4]
Интерстеллар | |
---|---|
Режиссеру | Кристофер Нолан |
Продюсер |
Эмма Томас Кристофер Нолан Линда Обст |
Сценарийи |
Жонатан Нолан Кристофер Нолан |
Оператору | Хойте Ван Хойтема |
Тартылгандар |
Мэттү Макконахи Энн Хатэуей Жесика Честейн Бил Ирвин Эллен Бөрстин Жон Литгоу Майкл Кейн |
Музыкасы | Ханс Зиммер |
Студия |
Legendary Pictures Syncopy Films Lynda Obst Productions |
Жайылтуучу |
Paramount Pictures Warner Bros. Pictures |
Чыккан жылы | 2014 |
Узактыгы | 169 мүн. [1] |
Өлкөсү |
АКШ[2] Улуу Британия[2] |
Тили | англис |
Бюджети | $65 млн. [3] |
Киреше | $675.1 млн. [3] |
2007-жылы Жонатан жазып баштаган тасма баянын бир туугандар Кристофер жана Жонатан экөө сценарий кылып жазып чыгышкан. Нолан жубайы Эмма Томас экөө «Синкопи» компаниясы жана Линда Обст «Обст Продакшнс» компаниясы менен биргеликте тасмага продюсерлик кылышкан. Бул тасма Калифорния Технологиялык Институтунун физиги Кип Торндун илимий эмгегинен таасир алгандыктан, Кип Торн тасмада аткаруучу продюсер жана илимий кеңешчи болгон. Кийинчерээк ал «Жылдыздар арасындагы илим» аттуу тасмага кошумча китеп жазып чыккан. Тасманы Paramount Pictures, Warner Bros. жана Legendary Pictures каржылаган. Киноматограф Хойт ван Хойтема тасманы 35мм жазы экран жана 70мм IMAX форматында тарткан. Тасманын негизги сүрөттөрү 2013-жылдын аягында Альберта, Исландия жана Лос-Анжелесте тартылып башталган. Тасмада ар тараптуу таасир бере турган макеттер колдонулгандыктан «Дабл Негатив» компаниясы кошумча санариптик эффектерди жасап берген.
"Интерстеллар" 2014-жылдын 26-октябрында Лос-Анжелесте бетачарын өткөргөн. Тасма дүйнөлүк аренада $675 млн киреше алып келүү менен бирге илимий-фантастикалык тематикасы, визуалдык таасири, музыкасы, оюнчулардын аткаруучулук чеберчилиги үчүн алкышка татыган. 87-Оскар сыйлыгында “Эң мыкты визуалдык таасир” наамын утуп алган жана “Эң мыкты музыка”, “Эң мыкты үн”, “Эң мыкты үн монтажы” жана “Эң мыкты тасма коюучу” наамдарына талапкер болгон.
Тартылгандар
түзөтүү- Мэттү Макконахи — Жозеф "Куп" Купер
- Энн Хатэуей — док. Амелия Брэнд
- Жесика Честейн — Мөрфи "Мөрф" Купер
- Маккензи Фой — Мөрфинин жаш кези
- Эллен Бөрстин — Мөрфинин карыган кези
- Жон Литгоу — Доналд, Купердин кайын атасы
- Майкл Кейн — профессор Жон Брэнд
- Кейси Аффлек — Том Купер
- Тимоти Чаламет — Томдун жаш кези
- Уэс Бэнтли — док. Дойл
- Бил Ирвин — ТАРС(үн) менен КЕЙС (үн)
- Жош Стүарт — КЕЙС (үн)
- Тофер Грейс — Гетти
- Давид Гяси — док. Ромили
- Мэтт Дэймон — док. Ман
- Лиа Кэрнс — Лоис Купер
- Дэвид Ойелоуо — Том менен Мөрфи окуган мектеп директору
- Коллет Вульф — мисс Келли
- Уилиям Дивэйн — Уилиямс
- Элиес Габел — администратор
Тиркемелер
түзөтүү- ↑ Interstellar (12A). British Board of Film Classification (October 20, 2014). Текшерилген күнү 20 -октябрь (тогуздун айы) 2014.
- ↑ 2.0 2.1 Interstellar (2014). British Film Institute. Текшерилген күнү 10 -декабрь (бештин айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 8 -декабрь (бештин айы) 2015. Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; name "BFI" defined multiple times with different content - ↑ 3.0 3.1 Interstellar (2014). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 29 -август (баш оона) 2015.
- ↑ Интерстеллар: сюжет, актерлор, трейлерлер, сын-пикирлер жана сын-пикирлер