Интерфейс – 1) ар түрдүү түзүлмөлөр (аппарат интерфейси), программалар (программалык интерфейс), ошондой эле программа менен колдонуучу (колдонуучунун интерфейси) ортосунда өз ара кызматташуу эрежеси; 2) объекттүү максат багытын программалоодо «сырткы» объект менен иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү аракеттер жыйындысы. Ал иштетүү системасынын элементи менен компьютер ортосундагы өз ара аракетти аныктайт. Интерфейстин эң жөнөкөй түзүлүшү экран жана буйрук терилүүчү клавиатура. Иштетүү системасы жана программалык жабдыктар колдонуучу менен компьютер ортосундагы иш-аракетке жараша түзүлөт. Колдонуучунун интерфейси маалыматтарды компьютерде көрсөтүп, иш-аракетти аткартуу жолун программалык жабдык аркылуу компьютерге кабарлап турат. Иштетүү системасынын элементи болгон колдонуучунун интерфейси компьютер менен болгон өз ара аракетти аныктайт. Үч түргө (буйруктар сабы, меню жана графиктик башкаруу) бөлүнөт. Графиктик интерфейс колдонуучунун жалпы интерфейси болуп эсептелет жана текст менен графикти бириктирип, программалык жабдыктарды пайдаланууну жеңилдетет. Азыркы операция системаларында жана колдонмо программаларда терезе, меню, WYSIWYG концепцияларына негизделген колдонуучунун графиктик интерфейси колдонулат. Иштетүү системаларынын көпчүлүгү бул түрдүн комбинациясын пайдаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү