Интонация — текстти угуучуга жеткирүүдө айтуучунун ага эмоциялуу-экспрессиялуу маани берүү үчүн жана сүйлөмдөрдүн синтаксистик курулушун көрсөтүү үчүн айтуучунун речинин ыргактык-обондук жактан иштелиши. "Манас" эпосундагы И-нын тутумдук элементтери төмөнкүлөр болуп саналат: 1) речтин обондуулугу, мында чыгарманы угуучуга жеткирүүдө ырдалган, ыр менен аткарылган ырдын бөтөнчөлүгү. Маселен, суроолуу, илептүү, жай сүйлөмдөр деп кийин бөлүштүрүлүп, тыныш белгилери коюлган өзгөчөлүктөр манасчылардын И-сында байыртадан эле болуп, сакталып келген. Мисалы, Карагул Алмамбеттин алдынан чыгып, анын сырын тартуу максатында мындай суроолор менен кайрылат:

Билеги жоон, таш жүрөк,

Душманга салган чоң дүмөк,

Пил мүчөлүү бадырек,

Айбаты арыстан, жолборстой,

Алышкан аман болбостой,

Азыр келген сен кимсиң? (Сагымбай Орозбаков, 4. 279).

Мындай суроолуу маанини берүү үчүн манасчылар суроо И-сын колдонушат. Ошондой эле жай маани, күчтүү сезим менен айтылган жерлер өз-өзүнчө, бөлөк-бөлөк И-да айтылган. 2) речтин ыргагы, башкача айтканда ыр жолдорундагы муун сандарынын, муундардын катышы, муун өлчөмү (к. Ыргак). 3) речтин интенсивдүүлүгү, башкача айтканда текстти айтуунун бийиктиги же пастыгы, бул манасчынын эпосту кандай жагдайда аткарып жаткандыгына (жайлоодо, боз үйдө, телестудияда, кабинетте ар башкача айтылышы белгилүү) байланыштуу болот. 4) речтин темпи, башкача айтканда сөздөрдү, сүйлөмдөрдү айтуунун тездиги же жайлыгы жана текст ичиндеги тынымдар. 5) речтин тембри, башкача айтканда бул же тигил эмоциялык-экспрессиялык белгилерди туюнтуу үчүн колдонулган үндүк өзгөрүүлөр, манасчынын сезиминин чагылышы, аткарып жаткан окуяга аткаруучунун мамилеси. “Көңүлдүү”, “салтанаттуу”, “кайгылуу”, “ачуулу”, “тамашалуу” жана башкалар тембрлердин тексттеги окуянын жүрүшүнө, маанисине карай колдонулушу. 6) фразалык же логикалык басымдан келип чыгуучу И., мында тексттеги негизги мааниге ээ айрым сөздөрдү бөлүп көрсөтүүнүн үндүк белгиси (к. Басым).

И-нын көп түрдүүлүгү — манасчынын таланттуулугунун көрсөткүчү. Музыка изилдөөчү В. Виноградов эпосту айтууда Саякбай Карала уулу жыйырмадан ашык обондорду, вариацияларды тапканын жазат. Философ изилдөөчү А. Салиев манасчылык өнөрдүн кудурети жөнүндө мындай дейт: “Жөнөкөй ырлардын обондору өз алдынча чарчы келет да ошол бир түрдөгү обон-алкак ырдын баш-аягына чейин кайталана берет. Ал эми бизге Саякбай көрсөткөн “Манастын” ыр формасы андай эмес, бул дастандын өзгөчө мазмунуна байланышкан. Анда чыйралган динамика менен өтүп жаткан күчтүү окуялар баяндалат эмеспи: ал окуялардын драмалуу башталыштары, бири-бирине эшилген, ойку-кайкы тармактары болот, аларда адамдардын мүнөздөрү, иштери, мүдөөлөрү кагылышат. Мына ошол чыйралган окуяларды жана ойку-кайкы кагылышууларды кайра-кайра кайталана берген чарчы калыптагы обон менен баяндалганда ал мазмундун толгоосу, кубаты, күчү солгундап түшүп калат экен. Бул “манасчылар” деп аталып, бирок дастандын эпизоддорун динамикасы жок, бир калыптан чыкпаган сенек речитация менен аткарып жүргөндөрдүн практикасынан ачык көрүнүп турат. Тиги мазмунга жараша ар түркүн И-ларга өтүп, өөрчүтүлүп турган музыкалык формалар да керек экен, аны тийиштүү даражада таасирдүү аткарып берген артисттик өнөр да керек экен. Саякбай дал ушуну көрсөттү ("Манас" жана Саякбай” — “Ала-Тоо”, № 8. 1988). Демек, манасчылык өнөрдүн ушундай өзгөчөлүгү эпосту аткарууда андагы И-лык белгилерди сактоого да байланышат.

И. тексттин угумдуулугун арттырат, элге жеткиликтүү кылат, ойду, анын астарин түшүнүүгө көмөктөшөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4