Интроспекция (лат. intro – ички, spectare – кароо) – өзүнө-өзү байкоо жүргүзүү, адамдын өзүнүн турмушун башкарган, тескеген мыйзам ченемдүүлүктөрдү аныктоо максатында ички дүйнөсүнө жана аң-сезимдүү психикалык турмуш-тиричилигине байкоо жүргүзүүсү. Заттык табият (материя, дене ж. б.) менен рухий дүйнөнү (аң-сезим, ички дүйнө) так кесе ажыраткан дуалисттик философияда Интроспекция психологиялык методологиянын негизи болуп саналат. Дал ушул мааниде интроспекция Томас Гоббс, Джон Локк, Джордж Беркли, Дэвид Юм, Джеймс Милль, ошондой эле 19-кылымда пайда болгон эксперименталдык психологиянын негиздөөчүлөрү болуп саналган Вильгельм Вундт, Освальд Кюльпе, Э. Б. Титченер сыяктуу көп сандаган философтордун окуусунда өзгөчө мааниге ээ болгон. Аталган авторлор үчүн аң-сезимдин маани-маңызы ички тажрыйбанын натыйжасы катары түшүндүрүлгөн: сарсанаалардын болушу өзүлөрү тууралуу маалымат берет да, адамдын ички дүйнөсүн изилдөөнү мүмкүн кылат. Вильгельм Вундт, Освальд Кюльпе, Э. Б. Титченер өздөрүнүн 1893-жылга чейинки алгачкы эмгектеринде Интроспекция сезим органдарынын маалыматтарына таянат, анткени, сарсанаалар, ички дүйнөнүн түйшөлүүлөрү өз маани-маңызы боюнча сезим-туюмдарга абдан жакын деп белгилешкен. Мындай көз караштар классикалык Интроспекция деген аталышка ээ болуу менен кийинки ойчулдар тарабынан четке кагылып, мурдагыдай популярдуулугун жоготкон. Франц Брентано жана Кюльпе өздөрүнүн кийинки чыгармаларында интенционалдуулук теориясына негиз салуу менен аң-сезимдин маани-маңызына башкача аныктама беришкен. Интенционалдуулук теориясы боюнча аң-сезим сенсордук компоненттен сырткары жөнөкөй мүнөздөгү ой жүгүртүү элементтерине да ээ. 20-кылымдын 20-жылдарындагы интроспекция окуусундагы карама-каршылыктар бир катар илимий жаңылыштыктар жана бурмалоолор менен коштолгон. Ал эми 40-жылдары аң-сезимдин маанисин четке каккан бихевиоризм окуусу тарабынан Интроспекция термини илимий психологиядан сүрүлүп чыккан да, пайдаланылбай калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү