Интуитивизм – философиядагы идеалисттик агым, иррационализмдин бир түрү. Интуитивизм таанып билүүнүн жападан жалгыз туура каражаты катары интуицияны атоо менен бирге сезим-туюм жана акылды таанымдын каражаты экендигин жерийт. Бул агым 19–20-кылымдардын чегинде пайда болгон.

Интуиция менен интеллектти бири бирине каршы коюу тиричилик философиясынын өкүлү А. Бергсон жана башка ал эми аларды бириктирүүгө болгон аракет Н. О. Лосский, С. Л. Франк, Е. Н. Трубецкой өңдүү орус философторуна, француз неотомизмине жана феномонология багытына мүнөздүү.

Интуитивизм аздыр-көптүр инстинкт менен жакындашат. Бир нерсени баамдоодо интуициянын ролу жөнүндө Интуитивизмге таануу туура эмес түшүнүктү сындоо менен материалисттик философия аны тааным процессинин органикалык моменти катары карайт.

Колдонулган адабиятта түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8