Инфракызыл нурлануу, инфракызыл нур – электр-магниттик нурлануунун бир бөлүмү. Анын толкун узундугу (l) 0,74 мкмден 1 ммге чейин. Инфракызыл нурланууну 1800-ж. англ. илимпоз В. Гершель ачкан. Бул нур жарыктын кызыл нурунан (0,74 мкм) кийин турат жана көзгө көрүнбөйт. Мисалы, Күндүн нурлануу энергпясынын 50%и, ал эми кызытма лампанын 95%ке жакыны инфракызыл нурлануу болуп эсептелет. Инфракызыл нурлануунун спектры аны пайда кылган булактын табиятына жараша сызыктуу, тилкелүү же туташ болот. Дүүлүккөн атом же пон сызыктуу спектр, ал эми термелүү жана айлануу кыймылындагы дүүлүккөн молекулалар тилке түрүндөгү спектрди пайда кылат. Кызытылган катуу жана суюк заттар туташ спектр, ал эми төмөнкү температурадагы (800 Кден төмөн) катуу зат дээрлик инфракызыл нур чыгарат. Аныктоочу жана өлчөөчү курал, караңгыда көрүүгө мүмкүндүк берүүчү дүрбү, ракета же снарядды учуп бараткан нерсеге багыттоочу система, адамдын сезгенген органын аныктоочу курал (тепловизор), сызыктуу спектрлүү лазер, жогорку басымдагы сымап чырагы жана башкалар приборлор инфракызыл нурланууга негизделген. Алар илимий изилдөө, техникада жана медицинада колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү