Инфракызыл нур техникасы

Инфракызыл нур техникасы – көзгө көрүнбөгөн инфракызыл нурланууну пайдаланууга негизделген приборлор, түзүлүштөр, системалар. Инфракызыл нур техникасына инфракызыл нурду аныктоочу жана өлчөөчү, караңгыда сүрөт тартуучу, ысытылган нерсенпн температурасын алыстан өлчөөчү, жашырын сигнал берүүчү, жер бетпнде жана космосто байланышууга мүмкүндүк берүүчү, алыскы аралыкты ченегич, жер бетинде, деңизде абада нерселерди (самолёт, кеме жана башкалар) алардын инфракызыл нур чыгаруусу боюнча аныктоочу приборлор; снарядды же ракетаны учуп баратканда багыттоочу түзүлүштөр; пнфракызыл нурду кабыл алгыч жана анын булагы, инфра-кызыл нурду бөлүп алуучу чыпкалар жана башкалар кпрет. Инфракызыл нур техникасы радиоспектроскопиядагы ар кандай заттарды анализдөө жана түзүлүшүн спектрдик анализдөө үчүн, алыскы жылдыздардын жана планеталардын атмосферасын изилдөөдө, Жердпн жылуулук балансын өлчөөдө, Өнөр жайларда жыгач, лак-сыр капталган буюмдарды кургатууда; аскердпк иште караңгыда көрүү приборлорунда, жылуулук локацпясында, башкарылуучу снаряддарды бутага өзүн-өзү багыттоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү