Ио (Iо)Юпитердин жандоочусу.

Ио.

1610-ж. Галилей ачкан. Чоң жарым огу 421600 км, диаметри 3630 км, тыгыздыгы 3570 кг/м3.

Ио менен Европанын өлчөмү, Айдын өлчөмү бирдей, ал эми Ганимед менен Каллисто массалары бонча Меркурийден көп кичине болсо да өлчөмдөрү бонча Иодон чоң. Башка жандоочуларга караганда (Юпитердин 13 жандоочусу бар) бул төртөө толук изилденген.

Эң жакшы атмосфера шартында бул жандоочулардын дискаларын, а түгүл бетин да байкоого болот. Булардын жаркыроосу менен түсүнүн өзгөрүшүн так байкоонун негизинде алардын октук айланышы орбиталык айланышы менен бирдей экендиги, Юпитерге дайыма бир жагы менен бурулуп тургандыгы аныкталган. Америкалык «Вояджер» космос аппараты тарткан Ионун бетинин сүрөттөрүндө бийиктиги 9 кмге чейинки аска сыяктанган тектердин бетин каптап жаткан ачык түстөгү күкүрттүү катмар, атылып турган жанар тоолор жакшы көрүнүп турат.

9 активдүү жанар тоо «плюмаждарынын» бийиктиги 300кмге жетет. Ионун бетинде үзгүлтүксүз түрдө жаңы катмарлар пайда болуп турат жана кызгылтым темгилдер да бар, алар түпкүрдөн бууланып чыккан туздар деп божомолдонот. Бул жандоочунун адаттан тыш өзгөчөлүгү – аны курчап турган калың газ булуту. «Пионер-10» космос аппаратынан алынган маалыматтар бонча Ионун сейрек атмосферасы жана ионосферасы да ачылган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек, Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов