Йокогама

Япония шаары, Канагава префектурасынын борбору
Иокогама‎»‎ барагынан багытталды)

Йокогама, Иокохама — Жапониядагы шаар, Хонсю аралында, Токиого жакын жайгашкан. Өлкөнүн алгачкы порту (жылына 120 млн т жүк ташылат). Канагава префектурасынын административдик борбору. Калкы 3,3 млн (1995); калкынын саны боюнча Токиодон кийинки 2-шаар. Метрополитен. Машина куруу (анын ичинде кеме куруу), металлургия, химия, атом, текстиль ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Төрт университет, тарыхый архив (1981) бар. Йокогама 1858-ж. балыкчылар конушу катары пайда болгон. Синтоизм жана христиан храмдары сакталган.

Йокогама.

Булактар

түзөтүү