Ионилер, иондор – Байыркы Грекиядагы уруулардын бири. Уруунун түпкү атасы деп эсептелген мифол. кереметтүү баатыр Иондун атынан аталган. Аттикада Эвбей аралынын бир бөлүгүндө, Хиос, Самос, Наксос жана башкалар аралыда жашаган. Биздин заманга чейинки 11-9-кылымда Кичи Азиянын батыш жээгинин ортоңку бөлүгүн, андан соң Кара деңиз жана Мрамор деңиздеринин жээктерин ээлеген. Кеңири тараган ион диалектисинде Гомердин поэмалары, Геродоттун чыгармалары жана башкалар адабияттар, эпиграфиялык эстеликтер сакталып калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү