Иония аралдары (аты байыркы грек уруусу ионилерден) – Иония деңизинде, Балкан жарым аралдарынын батыш жээгинде; Грекиянын аймагы. Аянты 2,3 миң км2 . Негизги аралдары: Кефалиния, Керкира (Корфу), Закинтос, Лефкас. Негизинен акиташ тектеринен түзүлгөндүктөн, карст процесси өнүккөн. Дөбөлөр жана жапыз тоолор (бийиктиги 1628 мге чейин, Кефалиния аралында), ыңгайлуу булуңчалар бар. Маквис, айрым жерлерин эмен токою ээлейт. Өрөөндөрүндө жүзүм, цитрус өсүмдүктөрү, зайтун дарагы өстүрүлөт. Деңиз курорттору бар. Негизги шаарлары Керкира, Аргостолион.

Иония аралдары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү